www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр 5-апрелде бейкүнөө Айзада жанкечти тарабынан уурдалып, талаада өлтүрүлгөн. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБнин начальниги Бакыт Матмусаев жана башка тийешелүү жетекчилер кызматтарынан алынышкан эле.

Каргашалуу окуяга туздөн-түз күнөөлүү криминалдык милициянын башчысы Улан Айтбаев бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги. Дал ушул жигиттин айынан оор кылмышка кайдыгер мамиле жасалган...

Булардын кайрадан кызматтарга келишине моралдык укуктары барбы? Эмне үчүн жеңил жаза менен буйтап кетишкен? Баардыгы шалаакылык жасашканы аныкталган. Убакыт өткөн соң, алар тийешелүү жазаларын албастан, камырдан кыл сууругандай кутулуп кетишкенин кара! Ооба, фамилияларын атай берсең, тизме узарат дечи...

Тилекке каршы, Бакыт Матмусаев ИИМ башкармалыгын жетектеп жатканы кабарланды. Бул полковник бир канча ай мас абалда рулга отуруп, жол кырсыгын жасаганы, үч машинаны катары менен уруп кеткени жалганбы?

Жабыркагандар кантишти? Жашыруун түрдө баарын жайгарып, анан кайра кутура береби? Эмне үчүн учурунда кызматтык иликтөө тыкыр жүргөн эмес? Ушул суроолорго ким жооп берет?

Баса, дагы бир кайгылуу окуяны эстейли. Убагында Бурулайды арачалап калууга Чүй ОИИБнин начальниги Нурлан Сарчаев, орун басары Марлис Асанов ж.б. жетекчилер киришкенде трагедиялуу өлүм болмок эмес.

Агезде да бир канча «кызыл шапкечендер» айыпталуу таризинде кызматтарынан алынышкан. Көрсө, убактылуу гана көз жазгыруу болуптур.

Мисалы, учурда Нурлан Сарчаев ЖАМК жетекчисинин орун басары, Марлис Асанов Талас ОИИБ начальниги катары бакытка бөлөнүп жүрүшөт... Эмнеге өткөндөн сабак албайбыз?

Булак: Азия News гезити

Последние новости