www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Урмат мырза, көптөн бери саясатта келе жатасыз? 7-апрель окуясы көптөгөн талаш-тартышты жаратууда. Сиздин пикир...

--Мен 7-апрель окуясынын катышуучусумун. Ал кайгылуу күндөр өтүп кетти. Быйыл 12 жыл толду. Бирок Апрель окуясы өз максатына жеткен жок деп толук айта алам. «Ата Бейитте» берген анттары Убактылуу Өкмөттүн баарын уруп келе жатат.

--Мисалы үчүн…

--Алды кыргыздар айтмакчы кара жер кабар бербесин дейт аркы дүйнөгө кетти. Атамбаев камакта болсо, Темир Сариев үй камагында, Отунбаева ооз ача албай калды. Революцияны уурдаган Сапар Исаков качкын болуп жүрөт.

Кызыгы, Сапар Исаков Кремлдин оозун карап, Путинге киргенге аракет кылып президенттик кызматты кыялданып, ар кандай саясый куйтулукту жаратып жүрөт. Кечээ Убактылуу Өкмөткө жагалданып жүргөндөр бүгүн кайда? - деген суроо жаралат.

Курманбек Бакиевди жаман деп кубаладык, бирок Бакиевден жакшысы келдиби? Атам, Бектемир Акунов жана 87 бала бөөдө өлүмгө учурап кете берди. УӨ бийликке келгени менен мамлекетти сазга батырып, арбактарды эске албастан мамлекетти тоноп кете берди.

--Баса, УӨ мүчөлөрү «Ата Бейитте» эмне деп ант берди эле?

--УӨ мүчөлөрү «Ата Бейитте» сөөктөрдү маңдайына тизип алышып боздогон жетимдердин көз жашын төккөн энелердин астында «Төбөсү бийик көк урсун, төшү көктүү жер урсун, эл үчүн кызмат кылып беребиз. Бакиевдин жолуна түшсөк, биз дагы жакшылык көрбөй калалы дешкен».

Тилекке каршы, Курманбек Бакиевден ашса ашты, кем калган жок. Анткени Бакиевдин 3 тууганы бийликти тоносо, Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсү, мамлекеттин таш-талканын чыгарып, 14 тарапка бөлдү. Ошол эле учурда булардын жүзү «Ата Бейитте» ант берип турганда беттери көзүмө эмнегедир кара болуп көрүнгөн эле.

Ошондо эле мен аларга, «жүзүңөр кара болуп калды, ишиңер оңунан чыкпайт», деп кыйкырсам, элден сыртка алып чыгышып, колу-бутумду кармап «Урмат ооруп калыптыр» кеп тараткан.

Тагдырдын тамашасы экен Бакиевчил деп «Ата-Журт» партиясынын эр азаматтарын бир тобун элге жамандап ит талагандай талатып келишкен. Эми жыйынтыгын жалпы коомчулук өзү көрдү да.

--УӨ 380 млн АКШ долларын Курманбек Бакиев өзү менен алып чыгып кетти деп, расмий жар салган эле. Жакында эле депутат Элмурза Сатыбалдиев УӨ сөзүн жокко чыгарып, ЖКнын трибунасында далилдүү суроолорду берди. Буга кандай дейсиз?

--УӨ күнөөлөрү бул эле акча эмес, көп иштери ачылат. Акча, кен-байлык, мамлекеттик мүлктөр, бир сомго сатылып кеткен «Кыргызгаз», энергетика деги койчу санасак арам иштери көп эле. Анын барын азыркы бийлик, Зулушев иштин ак карасын алып чыгышы керек.

--Сиз апрелде жабыркаган адам катары ошол Апрель окуясына пикириңиз кандай?

--Кайсы бийлик келбесин, элди курал кылып колдонбошу керек экен. Эл болгону бөөдө өлүм экен. Бийлик өткөндөн сабак албайт тура.

Кудайдын жазасы бар деген сөздүн чындыгына толугу менен ынандым. Бийликтин мыйзамы иштебесе дагы Кудайдын жазасы коё бербейт экен.

Элибизде тынчылык болсун, биздей болуп атасынан айрылып, балдары жетим, аялы жесир, ата-энелерибиз боздобосун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости