www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму Кумтөр кени боюнча Кыргыз Республикасы менен Centerra Gold Inc ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

БУУнун Башкы катчысынын пресс-катчысынын орун басары Ф.Хан журналисттер үчүн өткөргөн пресс-конференциясында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандыгы БУУ тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди. 

“Тынчтык келишимине кол коюу - маселесин эл аралык коммерциялык укуктун алкагында чечилишин билдирет, аны кыргыз тарап БУУнун мүчөсү катары сактап келет. Биздин өлкө тарабынан эл аралык укукту сактоосун көрсөтүү дуйнөлүк коомчулук үчүн абдан маанилүү ролду ойнойт”, - деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылуу Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын айтып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости