www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралып жатат. Учурда сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти. Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылып жатат.
Аталган партиянын жүздөгөн тарапкерлери соттун алдында "акыйкат чечим "Бүтүн Кыргызстанга"- деген ураандар менен турат.
Соттук процесс бүгүн саат 11:00дө башталган.
Эске сала кетсек, БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.
Булак: NazarNews.kg