www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер!

Кээ бир саясий партиялардын кылмыш дүйнөсүнүн колдоосу менен шайлоочулардын добушун массалык түрдө сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, мыйзам талаптарын тепселөө менен 4-октябрдагы шайлоодо жаңы парламентти монополдоштуруп алуу аракети мамлекетти башаламандыкка жана өтө оор саясий кризиске алып келди.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктан чыккан митингиге өз убагында ыкчам жана адекваттуу реакция жасабоо мамлекеттин символу болгон-парламенттин имаратын басып алууга жана талкалап маскаралоого, кесилген саясатчыларды абактан чыгарууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, мекеме-ишканаларды, рейдерлик менен басып алууга, ишкерлердин мүлкүн талап-тоноого алып келди.

Массалык башаламандык бийликсиздикке алып келди. Мындай жагдайда өз тарапкерлерине таянган кээ бир адамдар жогорку аткаруу бийлигине карай жулуна баштады.

Быйыл 28-октябрда алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгам-укуктары токтойт. Ошондуктан өлкөнү катаал саясий кризиске алып келген “…Шайлоо жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдагы шайлоо босогосу, форма №2 жана башка ушул сыяктуу жоболорду өзгөртүү мүмкүнчүлүгү күмөндүү болуп калды.

Мына ушуларды көңүлгө алып туруп, ошондой эле өлкө кыйроо чегине келип калганын аңдап туруп, мыйзамдуулукту жана конституциялык тартипти сактоо максатында “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстандын бардык жарандарына, президентке, айрым саясатчыларга, БШКанын мүчөлөрүнө кайрылып, билдирет:

Биз, Конституция жана мамлекеттин мыйзамдарын тепселеген коомдук-саясий “ ишмерлерди” айыптайбыз. Алар мамлекетти талкалоо боюнча аракетин улантып, кулап бараткан бийликти колго алып, мамлекетти “башкарып” калууга жулунууда.

Биз, мына ушу “чектен чыккан акылсыздык”бүт өлкөгө жайылып, жарандык тирешке жана мамлекеттүүлүктүн бузулушуна алып келбеши үчүн бардык аракеттерди жасап жаткан саясий, коомдук күчтөр менен пикирлешпиз.

Биз, Борбордук шайлоо комиссиясын мыйзам белгилеген мөөнөттө кайра шайлоону дайындоого чакырабыз. Ошол эле учурда 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгарууга алып келген мыйзамсыздыктарды, анын ичинде форма №2ни колдонуу эрежелери такталыш керек, деп эсептейбиз.

Форма №2 менен добуш берүүнүн шарттары мыйзам менен аныкталган эмес. Абсолюттук укук болбойт. Ошондуктан, БШКа форма №2 колдонуу жагдайларын аныкташ керек. Маселен, иш сапар менен чыгып калган учурда же ооруканада жатып калган учурда форма №2 колдонсо болот.

Шайлоо документтерин массалык түрдө бурмалоолор мөөнөтүнөн мурда добуш берүү күнү орун алды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо бийлик жана олигархтардын көзөмөлү астында өттү. Аларга жүз миңдеген добуш алууга жардам берди. Ошондуктан мөөнөтүнөн мурда шайлоого ден соолугу боюнча медициналык аныктамасы бар адамдарга гана мүмкүнчүлүк берилиш керек.

Биз ошондой эле убактылуу Россия жана башка өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктары атайын чектелгенин да БШКа эске алыш керек, деп эсептейбиз.

Урматтуу мекендештер!

Мамлекеттин тагдыры ар бирибиздин колубузда турат. Биргеликте гана биз сүйүктүү өлкөбүздө мыйзамдуулукту жана конституциялык тартипти сактай алабыз.

Адахан Мадумаров 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости