www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун  Палестиналык качкындарга жардам иштери боюнча агенттигинин (UNRWA) байланыш директору Жульетт Тоума Израилдин кол салууларына дуушар болгон Газадагы учурдагы абалдын "үркүтүүчү" экенин айтты.

Тоума Израилдин 7 -  октябрдан бери абадан, кургактыктан жана деңизден үзгүлтүксүз  жүргүзгөн бомбалоосуна дуушар болгон Газадагы абалга байланыштуу БиБиСи радио  4түн  Today  программасында сөз сүйлөдү.  

Тоума Бириккен Улуттар Уюмунун  Палестиналык качкындарга жардам иштери боюнча агенттигинин социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө : "Газадагы абал үркүтүүчү. Калктын төрттөн бир бөлүгү ачкачылыктан өлүп жатат",- деди. 

Газада 600 миңге жакын кишинин олуттуу ачарчылык менен күрөшүп жатканына көңүл бурган Тоума, бул абалдын блокаданын улануусу жана азык - түлүк да болгон негизги материалдардын алына албашынын  натыйжасы экендигин баса белгиледи.

 БУУнун расмий өкүлү Тоума : "Азыркы учурда муктаждык болгон нерсе  ок атышпоо жана Газа тилкесине гуманитардык жардамдын көбөйтүлүшү. Мен ал жерде болгондо элдер бул тууралуу айтып жатышты. Коркуу ичинде жашап жатышат жана бомбалоо үзгүлтүксүз уланууда",- деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости