www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги 2024-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрт ири долбоорду ишке киргизерин билдирди.

Министр Уланбек Ниязбеков аталган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн келишимдерди түзүп, макулдашуудан өткөргөнүн айткан.

Биринчи долбоор — ДНК анализдерин аныктоо үчүн лаборатория куруу. Анын пайдаланууга берилиши эксперттик криминалистиканы чыңдап, модернизациялап, потенциалын жогорулатат;

Экинчи — санарип инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрүндө "Санарип булут" технологиясы киргизилет. Бул кадам ыкчам маалыматтарды алууга жана жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүү сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт;

Үчүнчү — "Жеткиликтүү милиция" аталышындагы программанын алкагында милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердигин күчөтүп, элди тейлөө сапатын кеңейтип, жаңы форматка чыгуу;

Төртүнчү — элдин коопсуздугун туруктуу деңгээлде камсыздоо боюнча "Экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү борбору" түзүлөт.

Министрлик эмдиги жылга карата мындай өңүттөгү бир катар долбоорлор даярдалып жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости