www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө 43 өлкөдөгү 45 миллиондон ашык адам ачкачылыктын азабын тартууда. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Аталган программанын маалыматына ылайык, соңку бир жылда 3 млн адам ачкачылыкка кабылып, ачкачылыктын азабын тартып жаткан адамдардын саны 45 миллиондон ашкан.

«Согуштар уланып, климат өзгөрүп, COVID-19 пандемиясы токтобой жатат. Бул факторлор ачкачылыкка кептелген адамдардын санын көбөйтүүдө», - деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли.

Анын айтымында, күйүүчү май, азык-түлүктүн кымбатташы дагы ачкачылыкка алып келүүдө.

Ачкачылыкка кабылган адамдардын саны боюнча Афганистан алдыңкы орунда турат. Соңку маалыматка караганда, ал жакта дээрлик 24 млн адам ачкачылыкка кептелген. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эсебине таянсак, 2022-жылы Афганистанда калкты колдоо үчүн ай сайын 220 млн доллар керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости