www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эскирген СДПК терисин сыйрып, «Социал-демократтар» же СД деп кыскарып алды. Бул партиянын башында мульти-миллиардер АША турганы элди кооптондурат. Атамбаевдин орусиялык миллиардер досу Андрей Бельянинов «Социал-демократтардан» үмүтү төтүп карап тургандай.

Атамбаев мамлекет башында туруп, эл аны мактап жатканда белгилүү тарыхчы Кыяз-мырза архивди каза баштаган. Анын жазганы бар: «Нүзүп-аталык баш болгон кыргыздар Шералыны ак кийизге салып хан көтөргөн. Бирок, көп өтпөй кутумчулардын аркасы менен Нүзүп-аталыктын башы кетет. Алмазбек Атамбаевдин Шама аттуу бабасы Алымбек-датка менен биригип Нүзүп үчүн Шералы хандын башын алат да, ордуна өз кишисин койот. Бирок, Шералынын уулу Кудаяр 1845-жылы такты алып, кыргыздарды кыра баштайт. Кыргындан жашырынып Чыңгыш баатыр менен бирге Шама Чүйгө келет. Чыңгыш баатыр Шамага ыраазы болуп, көзүм өтсө да Шаманы көкөлөтүп сыйлап алгыла дептир».

Бул жерден тактап кетели, Нүзүп-аталык кой кайтарып жүргөн Шералыны Коконго хан көтөрүп, өтүгүн илдирип койот. Сарттардын тилин алган Шералы «жакшылыкка жамандык» кылып Нүзүптүн башын алдырат. Шералыга каршы Алымбек-датка чыгып, аны кан кустурат. Бул тарыхта Шаманын аты угулбайт. Ал кезде солто Чыңгыш ак үйлүү болуп Кокондо жүргөн, ага Ша-Мао (кыргызча Шама) деген кытайлык ашпозчуну бекитип беришкен.

Ушундай жагдайда Чыңгыш-баатыр кыргыз Алымбек-датканы колдойт. Качан сарттар бийликке келгенде ал ашпозчусу Ша-Маону алып, Чүйгө кетип калат. Чыңгыш баатыр Шамага ыраазы болуп, көзүм өтсө Шаманы сыйлап алгыла деп айтканы чындык. Шамадан Атамбай, андан Исак, андан Шаршен, андан Алмазбек. Чындыкка келсек Алымбек-датка Коконду титиретип турганы тарыхта калган, ал эми Шама же Ша-Мао тууралуу тарыхта кеп жок. Ал тууралуу Атамбаев президент болгон соң тарыхчылар ашпозчуну  Алымбек-даткага теңеп даңазалай баштады окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости