www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгыш-Казакстан мамлекеттик университети жатын моюнчасынын рагын комплекстүү түрдө аныктоо үчүн аралашма ойлоп табышты. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

Окумуштуулар суюктуктун курамын ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлери менен эки жылда иштеп чыгышкан.

"Бул ойлоп табуу биринчи кезекте импорт маселесин чечет. Адистер буга чейин чет өлкөдөн алып келинген затты өзүбүздө жасай алышты. Эми мындай медициналык кызматтар элге жеткиликтүү болуп, баасы да арзандамакчы", — деп билдирген министрлик.

Мекеме эритменин сапаты чет мамлекеттикинен кем калышпай турганын белгиледи. Аманжолов атындагы Чыгыш-Казакстан университетинин кенже илимий кызматкери Айдана Имашева аралашма биоматериалдарды, тагыраагы, жатын моюнчасынын мазокторун сактоого жана ташууга жардам берет. Бул жатындын шишик оорусун эртерээк аныктоого шарт түзөт.

Казакстандын окумуштуулары аралашмага патент алып, ал Казакстандын дары-дармек жана медициналык буюмдарынын реестрине киргизилген.

Азыр эритмени сатыкка чыгаруу каралууда, ошол эле маалда адистер анын курамын жакшыртуу боюнча иштеп жатышканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости