www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муну Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жаңы иликтөөсү көргөздү. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин жаңы баяндамасы 26-июнда жарыяланды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, дүйнөдө азыр жыл сайын баңгизатты кеминде бир жолу колдонгондор саны 275 миллиондун тегерегинде. Бул 15-64 курактагы дүйнө калкынын болжол менен 5,6% түзөт.

Ал эми 2016-2017-жылдардын аралыгында дүйнөдө апийим өндүрүшү 65% жогорулап, 10500 тоннага жеткен.

Бул Улуттар Уюмунун кеңсеси баңгизаттардын өндүрүлүшүнө ушул кылымдын башынан тартып мониторинг жүргүзө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч.

2017-жылы Ооганстандын өзүндө 9000 тонна апийим өндүрүлүп, көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 87% өскөн.

Кокаин өндүрүшү да 2016-жылы 1410 тоннага жетип, рекорддук чекти багындырган. 2015-2016-жылдары өндүрүш көлөмү 25%га жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости