www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газа секторундагы согуштун курчушуна жол бербөө керектигин айтып, кандай гана чыңалуу болбосун, жалпы Жакынкы Чыгышта жана андан тышкары аймакта оор кесепетке алып келиши ыктымал экенин эскертти.

4-мартта Женевада БУУнун адам укукары боюнча кеңешинде сүйлөп жатып Волкер Түрк Газадагы чыңалуу коңшу өлкөлөргө да жайылып жатканын белгиледи.

Ал Ливандын түштүгүндө жаралган Израилдин, «Хезболла» тобунун жана башка куралчан топтордун ортосундагы тирешти «өтө кооптуу» деп атады.

«Чоң өрттүн тутанышына жол бербөө үчүн колдон келген аракеттин баарын көрүү зарыл», - деди ал.

Иран колдогон, Батышта, Израилде, Перс булуңундагы өлкөлөрдө, Азиянын, Латын Америкасынын жана «Араб мамлекеттер лигасынын» курамына кирген айрым өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган ливандык «Хезболла» тобу Израилге жасалган былтыркы кол салууну колдоп чыккан.

Ал ХАМАСка (АКШда жана Евробиримдикте террордук теп таанылган) каршы согуш ачкан Израилдин түндүк чек арасындагы тилкеде бул өлкөгө каршы экинчи фронт ачышы ыктымал деген кооптонуу айтылган. Ачык согуш башталган жок, бирок топтун согушкерлери улам бир чабуул коюп, Израилди ал жакка кошумча күчтөрүн топтоого мажбур кылды.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын чабуулдарынан сектордо каза болгондор 30 миңден ашты, алардын көбү аялдар жана балдар.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен, алардын айрымдары бошотула элек.

Израил азыркы согушун ушул окуядан кийин баштаган.

Последние новости