www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаитинин өкмөтү өзгөчө абал режимин киргизип, коменданттык саат жарыяланды. Мындай чара куралчан топ өлкөдөгү 2 ири абакка кол салып, абактагыларды бошотконуна байланыштуу. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги маалымдады.

Кечки саат 20:00дөн тарта таңкы 05:00гө чейин полиция, дарыгер жана журналисттерден башка адамдарга сыртта жүрүүгө тыюу салынды. Бийлик абактан качкан адамдарды табууну убадалады.

«Полиция кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткаруу менен коменданттык саат учурунда мыйзам бузган жарандарды кармоого уруксат берилди», - деди Патрик Бойвер.

Гаитиде мурдагы жуманын ортосунан бери башаламандык күчөп, бейшембиден бери 9дан кем эмес адам өлтүрүлдү. Алардын төртөө полиция кызматкери. Бириккен куралдуу топтун лидери — полициянын мурдагы офицери Жимми Шеризье (лакап аты Барбекю) өлкөнүн премьер-министри Ариэл Генрини бийликтен кулатууга үндөп жатат.

Топтор өз ара макулдашып алып өлкөнүн борбору Порт-о-Пренс шаарында жайгашкан мамлекеттик мекемелерге кол салууда. Алар борбордук банк, полиция участогу, эл аралык аэропорт, улуттук футбол стадионуна жана чоң абактарга кол салышты. Тизме боюнча кол салуу болгон абакта 3800 адам бар болчу. Алардын ичинен 99 адам ордунда калып, мурдагы президентти өлтүрүүгө күнөлүү делген 18 колумбиялык аскер эвакуацияланган.

2021-жылдын июлунда Гаитинин президенти Жовенель Моиз киши колдуу болуп көз жумган. Андан бери өлкөнү анархия менен бандитизмдин толкуну каптап, борбор калаанын 80%ын бандиттер көзөмөлдөп калган. Куралчан топ Гаити борборунун басымдуу бөлүгүн ээлеп, 300 миңден ашык адам үйүн таштап качууга аргасыз болду. 2024-жылдын январь айында эле 1,1 миң адам өлтүрүүгө, уурдоого, өрттөөгө жана зордукка кабылган. Бириккен улуттар уюму соңку айды өлкө үчүн акыркы 2 жыл ичиндеги эң оор мезгил деп атады.

Последние новости