www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газада миңдеген адамдардын суу, электр энергиясы, тамак-аш жана дары-дармексиз калса өлөөрүн эскертти.
Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын гуманитардык иштерди координациялоо бюросу боюнча орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс социалдык тармактагы баракчасында маалымат бөлүштү.
Гриффитс: «Өлүмдүн элеси Газада илинип турат»,-деп айтты.
«Суу, электр энергиясы, тамак-аш жана дары-дармексиз калса миңдеген адамдар өлөт»,-деп эскерткен Гриффитс бул чыныгы абал экенин баса белгиледи.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден да өзүнүн X социалдык медиа эсебинде Палестинага багытталган билдирүү менен бөлүштү.
Буга чейин Израилди колдогон катуу позициясы менен көңүлдөрдү бурган Байден: «Биз палестиналыктардын көбүнүн Хамастын үрөй учурган чабуулдары менен эч кандай байланышы жок экенин көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Палестиналыктар алардын (Хамас) айынан жапа чегип жатышат»,-деп билдирүү жасады.
Байдендин билдирүүсү астында бөлүшкөн X колдонуучулары «Багыт өзгөрөбү?», «Анда эмнени күтүп жатасыңар? Израилди токтоткула», «Ошого карабастан Израилге согуштук кеме жөнөтүп жатасыңар» деген сыяктуу ар кандай комментарийлерди калтырышты.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.
Израил армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.
Чыңалуу күчөгөндүктөн эки тараптан тең миңдеген адам набыт болду.