www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Бириккен Улуттар Уюму аркылуу Израилге Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын мындан ары күчөшүн каалабай турганы тууралуу билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу Axios дипломатиялык булактарга таянуу менен жазат.

«Иран чыр-чатактын аймактык согушка айланып кетишин каалабайт, ал Газада ХАМАС тарабынан барымтага алынган жайкын тургундарды бошотууга жардам бергиси келет», - деп Ирандын тышкы иштер министри Амир Абдоллахиан айтканын тактайт.

Ошол эле учурда тышкы иштер министри Тегерандын өзүнүн кызыл сызыктары бар экенин баса белгиледи. Тактап айтканда, Израил Газа тилкесинде кургактан операция баштаса, Иран аскерий жаңжалга кийлигишүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews.kg​​​​​​​

Последние новости