www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги кылмышына тиешеси бар Балыкчы шаарынын тургуну кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал ушул жылдын жайында Кылмыш иликтөө башкы башкармалынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин көзүнө илинип, изилденип жаткан. Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иш козголгон.

Балыкчы шаарынын буга чейин сот жообуна тартылган тургуну баңги кылмышына тиешеси бар экени, тактап айтканда баңгизаттарды мыйзамсыз сактап, ташып жүргөнү маалым болгон.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө иштеги фигуранттардын бири, тактап айтканда кылмыш дүйнөсүндө «Мирлан Иссык-Кульский» каймана аты бар Мирлан Ашимов 7- октбрда видео кайрылуу жасап, социалдык тармакка таратканы аныкталган.

ИИМ белгилегендей, аталган жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон, кримавторитеттер менен тыгыз байланышта, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат. Ал видео кайрылуусунда кылмыш дүйнөсүнө кайрылып, криминалдык авторитеттин өнөктөшү экенин айтып, анын жолун жолдоого чакырган.

14-октябрда ИИМдин кызматкерлери тарабынан Мирлан Ашимов баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого шектелип кармалды. Анын үйүнөн баңгизат табылып алынды.

Ал кармалгандан кийин видео кайрылуу жасап, кылмыш дүйнөсүнөн баш тартканын, Кыргызстандын мыйзамдарын сактай турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости