www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мигранттарга таксиде, медициналык жайларда, мектепте жана башка тармактарда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору октябрдын башында Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизилип, мыйзам долбоорлордун базасына жайгаштырылды.

Анда «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык Россиянын өкмөт жыл сайын чет элдик жарандарга айрым тармактарга квотаны белгилеп турат. Экономиканын ар бир тармагында иштеген мигранттардын саны 5 пайыздан ашпашы керек.

Долбоор боюнча медицина, билим берүү, такси, мамлекеттик жана муниципалдык тармакта иштөөгө толук тыюу салынат.

«Мыйзам долбоору кабыл алынса, мигранттардын саны азайып, орус жарандарынын жумуш менен камсыз кылууга жол ачылат», — дейт Думанын депутаттары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости