www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен улуттар уюму өз кызматкерлерин Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен эмделүүгө чакырды. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антонио Гутерришге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин, 3-майда бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Марианжела Симао дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "Спутник V" коронавируска каршы орусиялык вакцинанын коопсуздугун июнь айынын аягында же июль айында баалоону күтөрүн билдирген.
The Lancet медициналык журналы февраль айында жарыялаган маалыматка ылайык, препараттын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы боюнча, анын натыйжалуулугу 19 миңден ашуун ыктыярчылардын COVID-19 илдетине байланыштуу маалыматтарды анализдеп чыккандан кийин 91 пайызды түзгөн.
Булак: NazarNews.kg