www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Демократиянын даамын анча-мынча татып калган эл болгондуктан, жеңиш Молдокматовдун камалышын эл туура көрбөй турат», - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.
- Нарынбек агай, Жеңиш Молдокматовдун камакка алынышы кайчы пикир жаратты. Бири туура камалган, позициясы жок, эки жүздүү жигит болчу десе, бири бийликти сындаган үчүн камакка алынды деп жатышат. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Чынын айтсам, Жеңиш Молдокматовдун камалышын көптөр туура көрбөй турат. Президенттик башкарууга өттүк деп, өкмөттүн да, парламенттин ролун төмөндөтүп, баарына бир адам жооп берет дегенибиз менен элибиз демократиянын анча-мынча даамын татып калыптыр.
Ошондуктан, элибизге Жеңиш Молдокматовдой кээде бийликти сындап, катачылыгын айткан жигиттер керек. Ошон үчүн анын камалышын элдин көбү туура эмес көрүп жатышат.
Булак: NazarNews.kg