www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестинадагы кырдаал дагы эле курч бойдон турат. Израилдин Газа аймагына жасалган абадан соккусу 22 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Ашраф аль Кидра кабарлады. Набыт болгондордун 9у жаш бала болсо, бирөөсү аял. Ал эми жалпы 106 адам ар кандай жаракат алган.

Иерусалимдин чыгышындагы тиреш бир нече күндөн бери уланууда. 9-майдын кечинде Израиль полициясынын колунан 80 палестиналыктын жабыр тартканы, муну менен ар кандай жаракат алгандар 300 адамга жеткени айтылган. Эртеси күнү тиреш күч алып, абадан сокку урууга өтүшкөн. Израиль Газа тараптан 150 ракеталык жардыргыч келип түшкөнүн жарыя кылган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестинанын мындай аракети жоопсуз калбай турганын кесе айтып, Газа тарапка да сокку урулган. Анын кесепетинен 22 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости