www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкерлерди каттоо башталды

Иранда президенттикке талапкерлерди каттоо башталды. 18-июлга белгиленген шайлоо Ирандын Батыш өлкөлөрү менен мамилеси начарлап, өзөктүк келишимдин тагдыры белгисиз болгон учурга туш келди.

Талапкерди каттоо 11-майда башталып, беш күнгө созулат. Андан соң каттоодон өткөн талапкерлерди Ирандын Сакчылар кеңеши иргейт. Буга чейин шайлоолордо байистүү, либералдуу көз караштагы талапкерлер аталган кеңештин элегинен өтпөй калчу.

Сакчылар кеңеши президенттикке талапкерлердин тизмесин 27-майда жарыялайт. Андан соң 20 күнгө созулган үгүт өнөктүгү жүрөт.

Ирандын учурдагы президенти, байистүү көз караштагы саясатчы саналган Хасан Роухани эки мөөнөт иштегени үчүн бул жолку шайлоого катыша албайт.

Роухани Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы менен келишим түзүп, санкцияларды алып салууга аракет кылды.

2015-жылы кол коюлган келишимден 2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен. Азыркы тапта аны кайра жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр Венада жүрүп жатат.

Шайлоо Иранда азык-түлүк баасынын өсүшү, жумушсуздук сыяктуу көйгөйлөр курчуган учурда өткөнү жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости