www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжада 200 тургун көчүрүлдү

Кара-Кулжада селдин кесепетинен 200дөн ашуун тургун көчүрүлдү. ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жүргөн сел боюнча маалымат таратты.

11-майда болжол менен саат 03:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 57-60-чакырымдарында жүргөн. Жол каттамы саат 13:30да ачылган. Ушул эле күнү күнү саат 05:20 чамасында Кара-Кулжа районунун аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак, Кара-Кочкор, Ак-Кыя айылдарында тоо бетинен, кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары турак жайларды каптаган. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 10-17-20-чакырымына сел агындылары түшүп жол жабылган, тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жол каттамы ачылган. Ылай-Талаа – Түшүнүк унаа жолунун 15-чакырымындагы Насирдин айылындагы унаа көпүрөнү 10-май күнү сел алып кеткен, жол каттамы жабылган. Айланма жолду ачуу боюнча жумуштар, атайын техникалар Кара-Кочкор айыл аймагына тартылгандыктан убактылуу токтотулган. Кара-Кулжа-Ак-Кыя жол каттамынын 1-3-чакырымдарында селдин кесепетинен шагыл аралаш куюлмалар түшүп жол жабылган.

Сары-Булак айылынын Таштак чегинен райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күчү менен 50 кожолук 200дөн ашуун тургун Кара-Кочкор айылындагы Исмаилов атындагы орто мектебине жана туугандарына эвакуацияланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости