www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ Түндүк Кореяны атомдук сүйлөшүүлөрдүн жолун ачуу үчүн баллистикалык ракета сыноолорун токтотууга чакырды.

БУУнун баш катчсынын өкүлү Стефан Дажаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноолорунун аймактык жана эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурганын айтты.

Дажаррик: «Түндүк Кореяга мазмундуу диалогдун кайрадан башталуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ракеталык сыноолорун токтотууга чакырып жатабыз»-деди.

БУУнун Коопсуздук кеңеши болсо АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын талабы боюнча Түндүк Кореянын акыркы баллистикалык сыноосун сүйлөшүү үчүн бүгүн жабык эшик артында чогулат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши, атомдук программасынан улам Түндүк Кореяга 2006-жылдан бери ар түрдүү аскердик жана экономикалык санкцияларды ишке ашырып келе жатат.

АКШ Түндүк Кореяга карай санкциялардын арттырылуусун талап кылууда. Түндүк Корея болсо баллистикалык ракета сыноолорунун «коргонуу максаттуу» экенин алдыга коюуда.

Түндүк Корея жекшемби күнү орто аралыкка учуучу ракета сыноосун ийгиликтүү өткөргөнүн билдирген болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости