www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-февралдан 28-апрелге чейин Украинада 2899 жай тургун набыт болуп, дагы 3235 адам жарадар болгонун БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын кеңсеси билдирди.

Каза болгондордун арасында 970 эркек жана 646 аял, 76 эркек жана 64 кыз бар, дагы 1073 чоң адамдын жана 70 баланын жынысы тактала элек. 314 аял жана 380 эркек, 67 кыз жана 76 эркек бала жаракат алган. Жабыркаган 166 баланын жана 2232 чоң адамдын жынысы азырынча белгисиз.

БУУнун маалыматы боюнча, бул мезгилде Донецк жана Луганск облустарында 1411 адам каза болгон, 1552 жай тургун жарадар болгон, Киев көзөмөлдөгөн аймактарда 1317 адам өлүп, 1182 адам жарадар болгон, ал эми ДЭР жан ЛЭР аскерлери көзөмөлдөгөн аймакта 94 адам өлүп, 370 киши жарадар болгон.

БУУ жарадар болгондордун жана каза болгондордун иш жүзүндөгү саны отчетто көрсөтүлгөн маалыматтардан алда канча көп экенин, анткени бир катар жерлерден алынган маалымат кечиктирилип жатканын, ал эми кээ бир аймактарда аны текшерүү керек экенин баса белгиледи.

Уюм мындай аймактарга Донецк облусундагы Мариуполь, Харьков облусундагы Изюм жана Луганск облусунун Попасна шаарларын киргизди, аларда «маалыматтарга караганда, карапайым тургундардын өлүмү же жаракат алган учурлар көп болгон». Бул билдирүүлөр текшерүүдөн өткөнгө чейин отчетто көрсөтүлгөн статистикага киргизилген эмес.

Мындан сырткары, БУУнун Качкындар агенттигинин маалыматы боюнча, 24- февралдан бери 5,4 миллиондон ашуун украиналык өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Качкындарды эң көп Польша (2,99 миллион), Румыния (810 миң), Орусия (656,3 миң), Венгрия (513,8 миң) жана Молдова (441 миң) кабыл алган. Ошол эле учурда Украинага 1 миллион 250 миңден ашуун адам кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости