www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн жыйынына катышып, Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды берүүдөгү кемчиликтерди белгиледи.

"Эгемендик тарыхыбызда алгач ирет агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 26 млрд сом бөлүнүүдө, бирок бул иштин жыйынтыгын көрө албай жатабыз. Мен иштин реалдуу натыйжаларын, бүткүл агроөнөр жай комплексинин жогорулашын көргүм келет."

Өкмөт башчы ошондой эле бардык министрликтерге өз карамагындагы мекеме-ишканаларды инвентаризациялоону тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Акылбек Жапаров 29-апрелде кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирип, анын ден соолугуна дарыгерлер көз салып турушарын айткан эле.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости