www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган делегация Киевге келди. Алар украин президенти Владимир Зеленский жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Сапар тууралуу мурда кабарланган эмес. Пелоси жолугушууда Зеленскийге украин элинин кыраандыгы үчүн ыраазычылык айтты: "Эркиндик үчүн күрөшүңүздөргө ыраазычылык. Биз согуш бүткөнчө сиздер тараптабыз",- деди ал.
Жолугушуунун видеосу украин президенти Владимир Зеленскийдин Телеграмм-каналына жарыяланды. Анда Зеленский делегацияга Киевге келгени үчүн ыраазы болгон. "Биздин өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого жардам берип жатканыңыздар үчүн чоң рахмат!", - деп жазган.
Бул аралыкта Бириккен улуттар уюму (БУУ) Мариуполдогу курчоодо калган заводдон жай тургундарды алып чыгуу аракетин улантууда. Уюмдун өкүлү Савиано Абреу эвакуация маселеси Москвада жана Киевде көтөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Запорожье шаарында журналисттерге билдирди.
БУУнун маалыматы боюнча миңдей адам "Азосталь" заводунун алдындагы лабиринттерде баш калкалап жатышат. Мариуполдо 100 миң адам калганы кабарланган.
Узап бараткан аптада Өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш менен Украинаны колдоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам Украинага аскер техникаларын жана курал-жаракты тоскоолдуксуз жеткирүүгө жол ачат. Мындан тышкары Конгресстин кароосуна президенттик администрациянын Украинага жардамга 33 млрд. доллар, анын ичинен 20 млрд. доллар аскердик керектөөгө берүү тууралуу өтүнүчү киргизилген.
Булак: NazarNews.kg