www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жоктугун билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү 1-Май - Эмгек майрамы менен куттуктаймын. Өлкөбүздө тынчтык болуп, Кудай элибиздин көкүрөгүнө ыйман толтуруп, ырыскысын мол берсин.

«Тарыхын билбеген элдин келечеги жок» деген накыл сөз бар. Анынсыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек.

Улуу Ата Мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май - Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам», - деп жазган президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости