www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусиянын кол салуу ыктымалдыгына байланыштуу Украинадагы кызматкерлеринин бир бөлүгүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөдөн убактылуу чыгарып кете турганын билдирди. БУУнун басма сөз катчысы Алессандра Велуччи - уюм ошол эле маалда мындан ары да Украинадагы, өзгөчө өлкөнүн чыгышындагы активдүү ишмердүүлүгүн уланта бере турганын белгиледи.

"Биз мурдагыдай эле бардык күчүбүздү жумшап, иштей беребиз. Бирок уюм аймактагы кырдаалдын өнүгүүсүн эске алып, көмөкчү кызматкерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берди", - деди Велуччи. Анын айтымында, БУУнун Украинадагы өкүлчүлүгүндө жалпысынан 1,5 миңдей кызматкер бар. Алардын 149у эл аралык кызматкерлер болсо, 100гө жакын жумушчу өлкө чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда иштейт.

21-февраль күнү кечинде президент Владимир Путин - "Донецк эл республикасы" жана "Луганск эл республикасы" деп аталган жикчил аймактарды Орусия тааныганын жарыялап, бул аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген. БУУнун баш катчысы жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын мындай кадамын катуу сынга алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости