www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Донецк жана Луганск республикаларын (ДЭР жана ЛЭР) тааныганына байланыштуу, Жапония ага каршы санкцияларды киргизгенин премьер-министр Фумио Кишида билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Орусияга карата чектөөлөр орусиялык облигацияларды чыгарууга тыюу салуу жана бир катар орусиялыктардын активдерин тоңдурууну камтыйт.

Мындан тышкары, Токио ДЭРден жана ЛЭРден товарларды импорттоого жана экспорттоого, ошондой эле, бул республикалардын өкүлдөрүнө виза берүүгө тыюу салат. Кишида - эгер кырдаал курчуп кетсе, жапон бийлиги мындан башка да чараларды көрө турганын эскертти.

Эске салсак, 22-февралда Орусиянын Федерация кеңеши Донбасстагы окуяларга байланыштуу Владимир Путинге орус армиясын чет өлкөлөрдө колдонууга уруксат берген. 21-февралда Путин - "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган жикчил аймактарды Орусия тааныганын жарыялап, ал аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости