www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Украинаны колонияга салыштырып, ал Батыш өлкөлөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазат. Мадуронун айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин ар дайым коңшу өлкө менен болгон көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуп келген. «Минск келишимдери четке кагылды, Украинаы элитасы тебеленип, АКШ менен Европанын шартсыз союздашы болгон. Бул өлкө дээрлик колония сыяктуу башкарылат», - деди ал.

Венесуэла лидери Украина чоң зыян тартканын кошумчалады. Анын пикиринде, өлкөнүн экономикасы талкаланган. «Украинанын экономикасы АКШнын президенти Джо Байден жана НАТО тарабынан Орусияга багытталган өзөктүк куралы бар базаларды түзүү боюнча итштер менен талкаланды. Бул таптакыр кабыл алынгыс нерсе», - деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, 22-февралда Орусиянын Федерациялар кеңеши Донбасстагы окуяларга байланыштуу Владимир Путинге орус армиясын чет өлкөлөрдө колдонууга уруксат берген. 21-февралда Путин - "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган жикчил аймактарды Орусия тааныганын жарыялап, ал аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости