www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада коронавирус 20 адамдан аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 23-февралга карата коронавирус 20 адамдан аныкталганын билдирди.

Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 150 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 133 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 388 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 527 киши айыгып чыкса, 2 миң 948 адам каза болду.

Ушул тушта ооруканаларда 207 бейтап жатат жана алардын теңине жакынынын абал оор. Үйлөрүндө болсо миңден ашык адам дарыланууда.

Бул ортодо Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы өткөн айда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости