www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети бир катар азык-түлүктөн кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды. Төмөнкү азыктарды алып келүүдө жеңилдиктер каралышы мүмкүн:

- кант, камыштан өндүрулгөн кант;

- өсүмдүк майы;

- айыл чарба жаныбарлары жана балык үчүн тоют;

- инкубациялоо үчүн уруктанган тоок жумурткалары;

- арпа жана сулу.

Импорт менен алектенгендер менчигинин түрүнө жана азык ташуунун максатына карабастан салыктан бошотулушу ыктымал. Токтом кабыл алынса, "салык каникулу" ушул жылдын аягына чейин күчүндө болоору айтылды.

Министрлер кабинети мындай демилгени коронавирус пандемиясы калктын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир тийгизип жатканы менен түшүндүрдү. Долбоордо ички рынокто аталган азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги байкалып, анын айынан баалар көтөрүлгөнү белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости