www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Охотный ряд көчөсүндөгү РФтин Мамлекеттик думасынын имаратында Кыргызстан менен Орусия ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата фото жана көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Москвадагы элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, иш-чарага парламент өкүлдөрү Адахан Мадумаров, Улугбек Ормонов, Шарапатжан Мажитова, Нуржигит Кадырбеков катышкан.

Иш-чарага парламент өкүлдөрү Адахан Мадумаров, Улугбек Ормонов, Шарапатжан Мажитова, Нуржигит Кадырбеков катышкан. - Sputnik Кыргызстан

Көрүүчүлөргө эки мамлекет ортосундагы саясий байланыштардын жогорку деңгээлин көрсөткөн фотоматериалдардын экспозициясы тартууланган.

Атап айтканда, өлкө башчы Садыр Жапаровдун 2021-жылдын февраль айында Орусияга болгон алгачкы иш сапары, ЖК төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын декабрь айында, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2021-жылдын декабрь жана 2020-жылдын ноябрь айларында Орусияга болгон иш сапарлары, ошондой эле, расмий өкүлдөрдүн ар кандай форматтагы эки тараптуу жолугушуулары жөнүндө фотоматериалдар көрсөтүлүудө.

Көрүүчүлөргө эки мамлекеттин ортосундагы саясий өз ара байланыштын жогорку деңгээлин көрсөткөн фотоматериалдардын экспозициясы тартууланган. - Sputnik Кыргызстан

Көргөзмөдө "Кыргызстан" темасынын алкагында кыргыз элинин кооз жаратылышы, маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары тууралуу сүрөттөр да коюлган. Жогорку Кеңештин депутаттары орусиялык кесиптештерине кыргыздын улуттук спортунун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде оодарыш, көк бөрү, кыз куумай тууралуу айтып берген. Ошондой эле, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана Москвадагы Суриков академиясын бүткөн орус сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Ал сүрөттөрдө Кыргызстан пейзаждары тартылган.

РФтин Мамлекеттик думасынын имаратынын Охотный катарында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата фото жана көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. - Sputnik Кыргызстан

Көргөзмө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан РФ Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин колдоосу жана көмөгү менен уюштурулган. Аны 25-февралга чейин көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости