www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Куран жана башка ыйык китепти өрттөп, мазактаган акцияларды айыптаган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалым болгондой, ага добуш берүү процедурасы аталган кеңештин кезексиз сессиясында Швецияда Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу өткөн.
"Ыйык Куранды атайылап жана ачык түрдө мазактаган акыркы кадамдарды айыптайт жана чечкиндүү түрдө четке кагат. Бул диний жек көрүүчүлүк аракеттери үчүн күнөөлүүлөрдү Эл аралык адам укуктарынын негизинде жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын баса белгилейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Батыштын ондон ашык мамлекети Куранды мазактагандарды айыптаган Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин бул резолюциясына каршы добуш беришти. Бул өлкөлөрдүн делегациясы жогорудагыдай кадамын резолюцияда "сөз эркиндигинин кепилдиктерине жетишсиз көңүл бурулган", - деген шылтоону келтиришкен деп жазылат маалыматта.
Пакистан сунуштаган документке 28 мамлекет добуш берсе, анын 12си каршы чыгып, 7 өлкө бейтарап позициясын карманган.
Каршы чыккан мамлекеттер АКШ, Бельгия, Британия, Германия, Коста-Рика, Литва, Люксембург, Румыния, Финляндия, Франция, Черногория жана Чехия болду.
Эске салсак, Курман айтта Стокгольм шаарында Куранды өрттөп, шылдыңдоо фактысы дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө нааразы пикирлерди жаратты. Ирак сот жообу боюнча айтып, Швеция бийлигинен аталган акцияны жасаган иммигрантты кайтарып берүүнү суранды. Бир нече ирактык Багдадда аталган мамлекеттин элчилигинин жанына чогулду. Куран өрттөлгөн бул жосунду Алжир, Афганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттеринин лигасынын башкы катчысы Ахмед Абуль Гейт, Перси булуңундагы Араб мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве сындады. Иордания менен Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрликтери Швециянын элчисин нааразылык нотасын тапшыруу үчүн чакырышкан.
Россия ТИМи бул инцидентти кылгандар жазасыз калышы алдын ала айтууга болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин, дүйнө коомчулугу мындай кадамдарга каршы турушу керектигин билдирген.
Россия президенти Владимир Путин Дербенттеги Жума мечитке барган учурунда РФте Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналарын айткан. Ал Россия Куранга карата мыйзам эрежелерин ар дайым сактап келерин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg