www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конституцияга ылайык президенттик шайлоо дайындалса, Камчыбек Ташиев шайлоого аттанабы? Кыргызстанда жаңы Конституцияга ылайык президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы тууралуу пикирлер кайрадан айтыла башталды. Анткени учурдагы президент Садыр Жапаров мурдагы эски баш мыйзам менен бир жолу 6 жылдык мөөнөткө шайланган.
Натыйжада, жаңы Конституция кабыл алынып, анын жоболору иштеп баштаган соң, кайрадан шайлоо өтүүгө тийиш болчу. Себеби, анда башкаруу системасы өзгөрүп, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктуу милдеттери жаңыланды.
Президент 5 жылдан эки мөөнөт шайлануу укугуна ээ болду. Азыркы кезде Садыр Жапаров эски баш мыйзам менен шайланып, жаңы баш мыйзам менен иштеп жатат. Бул маселеден улам, мыйзамга ылайык жаңы шайлоо өтүшү керектиги көптөн бери козголуп келе жатат. Жакынкы аралыкта президент Садыр Жапаров мыйзам талабына шайкеш жаңы президенттик шайлоону дайындашы мүмкүн экен. Эгер, шайлоо өтсө президенттикке Камчыбек Ташиев аттанаары айтылууда.
Булак: NazarNews.kg