www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июлда мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.
1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.
1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.
1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.
1996-2000-жылдары Өкмөткө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.
2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы.
2005-2007-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
2007-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.
Булак: NazarNews.kg