www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунун "Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКсынын директору Анарбай Эргешов 15 кг кагазын кара сумкага көтөрүп алып, чындык издеп, кайрылбаган каалгасы калбаган.
Аргасы кеткенде кагаздарын жонуна көтөрүп, студиябыздан арманын айтып, президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.
Көрсө, аты аталган ишкер президент Садыр Жапаров менен түз жолугуп чыккан. Президент тийиштүү жерлерге атайын тапшырма бергени менен жергиликтүүлөрдүн Эдил Байсалов айткандай кылы кыйшайган эмес
Төмөндө ишкердин Кайрылуусу өзгөртүүсүз толугу менен:
"Урматуу, Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич!
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында жайгашкан "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун атынан сизге, кайрылууга мажбур болуудабыз.
Себеби эталган коомдун менчик укугу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору тарабынан каралып, чыгарылган чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен күчүндө калтырылганына карабастан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан бизди Ош облусунун административдик соту сотко тарап катары чакырбай, соттук отурумга катыштырбай эле мөөнөттү калыбына келтирип коюп, 2023-жылы 23-июнда соттук отурумга чакырды.
Биз тараптан Ош облусунун административдик сотунун 2022-жылдын 19-сентябрдагы аныктамасына келтирген жекече даттануубуз соттук отурумдан 3 күн мурда берилсе да судьяга берилбегендигин билгенден кийин кайра-кайра өтүнүч келтирип соттук кароо башталардын алдында судьяга берилди. Бирок судья Жаныбекова Ж., ал жекече даттанууга көңүл бөлбөстөн доо арызды карап доону канааттандырып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1995-жылдын 29-декабрындагы №353 жана 2001-жылдын 3-декабрындагы №741 токтомдорун жараксыз деп таап койду. Соттук отурум бир эле күндө өттү, аталган токтомдордон башка Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен Сарай айыл өкмөтүнүн дагы 13 даана токтомдору каралды. 2023-жылы 23-июндагы соттук отурумда түшкө чейин келген катышуучулардын өздүгү такталды, тыныгуудан кийин 2-3 сааттын ичинде өкүлдөрдүн түшүндүрмөлөрүн угуп, өкүлү жок өзү катышкан адамдарды укпай эле, иштин материалдарын изилдебей эле судья мыйзамсыз чечимин чыгарып койду. Иштин материалдары изилденсе жок дегенде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1995-жылдын 29-декабрындагы №353 жана 2001-жылдын 3-декабрындагы №741 токтомдору жана Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн №308 токтому күчүндө калтырылат болчу. Бул аталган администраициянын токтомдору 2004-жылы үч жолу каралып, жергиликтүү соттун чечимдери менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен күчүндө калтырылган, ал эми айыл өкмөтүнүн токтому болсо 2006-жылы Кара-Суу райондук соту тарабынан каралган жана 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен күчүндө калтырылган. Судья Ж.Жаныбекова тарабынан бул жагдайларга көңүл бурулган жок.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун арыз берүү укугу жок экендиги судья Жаныбекова Ж., тарабынан аныкталган жок. Аталган фонд мамлекеттин кызыкчылыгын жактап кайрылдым деп жатат, бирок Фонд мурда 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы менен дыкат иликтөө жүргүзүп, баардык жагдайларды изилдеп мамлекеттин энчиси жок деп фонддун төрагасынын орун басары К.Б.Рыскулов тарабынан жооп берилген. Бул документ да сотко берилди, бирок көңүл бурулган жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-декабрындагы №626 "Ош облусунун колхоз базарларынын мүлкүн бөлүштүрүү актысын бекитүү жөнүндө" Токтому менен Oш облусунун мамлекеттик администрациясы Ош облустук мамлекеттик мүлк фондусу жана Ош облустук керек-жарак союзу менен бирдикте беришкен Ош облусунун колхоздук базарларынын мүлкүн бөлүштүрүү актысы бекитилген. Ал акт боюнча Кара-Суу районуна керек-жарак кооперациясына таандык болгон наркы 1999102 сомду түзгөн мүлк бөлүштүрүлгөн. Ушул эле актыда Кара-Суу району бонча менчиктин формасы боюнча объектилердин таандыгы боюнча мамлекетке таандык болгон объектилердин жоктугу көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 21-февралындагы №72 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-декабрындагы № 626 "Ош облусунун колхоз базарларынын мүлкүн бөлүштүрүү актысын бекитүү жөнүндө "Токтомун ишке ашыруу жөнүндө" Токтому менен тиркемеге ылайык бөлүштүрүү актысы бекитилген. Бул актыда да мамлекеттик менчикке таандык бир да объект жок экени көрүнөт.
Ош облустук кооперативдер жана керектөөчүлөр биримдиги менен "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2000-жылдын 16-октябрында түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде 5021300 (беш миллион жыйырма бир миң үч жүз) сомго бааланган мүлктүк комплекс “Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКсына өткөрүп берүү актысынын негизинде өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 5-февралынан №2019-6405 берилген билдирүүдө "Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКнын мүлктүк комплекске болгон укугу биринчи жолу 2000-жылдын 16-октябрында катталганы, андан кийинки каттоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2007-жылдын 2-мартындагы, 2007-жылдын 2-июлундагы жана 2018-жылдын 10-апрелиндеги соттук актылары менен катталганы көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин башкармалыгынын 1999-жылдын 11-майындагы №12 “Туратали базарын облпотребсоюздун "Кара-Суу базары” жоопкерчилиги чектелген коомуна кайрадан түзүү жөнүндө" Токтому жана ушул эле токтом менен "Кара-Суу базары" жоопкерчилиги чектелген коомунун Уставы бекитилип, бул Устав Ош облустук юстиция башкармасында 1999-жылдын 14-майында №ГРП-003813 каттоодон өтүп күбөлүк алган.
Бирок, жогоруда айтылгандарга карабастан, жергиликтүү каттоо органдын жетекчиси Р.Шерматов тарабынан "Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКнын менчигиндеги мүлкү-5,22 га жер аянты 2022 жылдын 14-апрелинде №27169 менен Мамлекеттик, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна коммерциялык пайдаланууга каттоодон өткөрүлгөнү Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө серия Б №047134 Мамлекеттик акт менен тастыкталат.
Бул жерде каттоого негиз катары Эл депутаттарынын Ош облустук Советинин аткаруу комитетинин 1985-жылдын 29-январындагы №43 чечими көрсөтүлгөн. Эл депутаттарынын Ош облустук Советинин аткаруу комитети аталган чечим менен Кара-Суу райондук аткаруу комитетинин 1984-жылдын 30-декабрындагы №482 "Кара-Суу шаарынын борбордук Базарын куруу үчүн Киров атындагы колхоздун сугат жеринен 12 га бөлүп берүү" жөнүндө чечими бекитилген. Башкача айтканда, бул чечимде укукту каттоо жөнүндө эч кандай буюртма жоктугуна көңүл бурбастан жергиликтүү каттоо органдын жетекчиси Р.Шерматов "Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКнын менчик укугун бузуп, анын наамына берилген мамлекеттик акты турса да, соттун же болбосо өкмөттүн чечими жок болсо да, негизсиз жана мыйзамсыз эле мамлекеттики деп каттоодон өткөрүп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна мамлекеттик акт берилген. Бүгүнкү күндө эки мамлекеттик акт тең аракетте.
Жогорудагылардын негизинде сиздерден “Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКнын мүлктүк менчик укугуна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан мыйзамсыз жаратылган талаш тартыштарды, мыйзамга туура келбеген соттук отурумдарды токтотууга жардам берүүнү өтүнөм".
Эске сала кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунун "Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКсынын директору Анарбай Эргешов буга чейин президент Садыр Жапаров менен жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге атайын кайрылып, жеке жолугуп чыккан. Бул тууралуу атайын маекте жакынкы арада окурмандарды кабардар кылабыз.
Булак: NazarNews.kg