www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун эксперттери: Жер бети аба ырайынын ысышынан артка кайткыс кургакчылык катастрофасына кабылат.
БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык панелинин (IPCC) отчетунда айтылгандай, глобалдык жылуулук ушунчалык тездик менен өсүүдө, ошондуктан Жер жүзү 2030-жылы өтө маанилүү температуралык босогосун аттайт.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш: "Далилдер талашсыз: казылган отундарды күйгүзгөн парник газдарынын чыгышы биздин планетаны тумчуктуруп, миллиарддаган адамдарды тобокелге салып жатат", - деди.
Глобалдык жылуулук бүт дүйнөгө таасирин тийгизет жана аны туруксуз кылат, дешет адистер. Климаттын өзгөрүшү жаан-чачындын көп болушуна жана аны менен байланышкан суу ташкынына, көптөгөн аймактарда катуу кургакчылыкка жана жээк аймактарында деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет.
Белгилей кетсек, акыркы бир нече жумада аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрү болуп өттү: суу ташкыны Европага, Кытайга жана Индияга зыян келтирди, АКШ, Канада, Греция жана Түркияда токой өрттөрү чыкты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эксперттик тобу 20-30 жылдын ичинде планетада температураны турукташтыруу үчүн парник газдарынын эмиссиясын масштабдуу түрдө кыскартуу зарылдыгын баса белгиледи. Антпесе, адамзат жакынкы жыйырма жыл ичинде глобалдык жылуулукту 1,5-2 градус Цельсий деңгээлинде кармай албайт. Бул өз кезегинде айыл чарбасына жана ден-соолукка олуттуу зыян алып келет.
Булак: NazarNews.kg