www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президентинин жардамчысы Максим Орешкин 2022-жылдын соңу глобалдуу ачарчылыктын башталышы болушу мүмкүн деген пикирин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Жаңы горизонттор" деп аталган агартуучулук марафондо сүйлөп жатып, ал рыноктогу буудайдын баасынын өсүшү АКШнын жоопкерчиликсиз монетардык саясатынан улам болуп жатат деген оюн айтты.

"Болжол менен 2020-жылга чейин рыноктогу буудайдын баасы туруктуу болчу. Бирок долларды басып чыгара берүүнүн кесепетинен болжол менен 2022-жылдын июлунан тарта ал кескин өсүп кетти", — деген Орешкин.

Ал буудайдын наркынын өсүүсүнүн 60 пайызы пандемия менен күрөшүү үчүн камсыздалбай жасалган доллардын басып чыгарылышынын кесепети болду деп эсептээрин айтты. Андыктан Орусия глобалдуу бул нерседен жапа чекпей, тамак-аш менен камсыз болушу абдан маанилүү экендигин белгилеген.

Буга чейин Кытай Батыш эмне үчүн "буудай согушу" тууралуу ушак таратып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости