www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пушкинди өлтүргөн Дантестин кийинки жашоосу

Дантес Пушкинге каршы дуэльге чыкканын жана аны өлтүргөндөн кийин Орусиядан сүргүнгө чыгарылып, Францияга кайткан кезин өз тагдырындагы эң бактылуу учур деп эсептеп жүрүп өткөн.

Жаш, сулуу француз офицери Жорж Шарль д'Антес (Дантес деп аны кийин гана Орусияда атап калышкан) Орусияга келери менен эле эл арасында дүң болгон окуяларды жараткан.

Ал өзү тууралуу легендалуу жомок сыяктуу ойдон чыгарылган нерселерди таркатып, ал өзү эмиграцияланып, Франциядан чыгып кетишине анын мурдагы Бурбондор бийлигин колдогондугу жана дагы жаңы бийликтин эрежелерин кабыл абагандыгы себеп болгондугун айтып, өзүн куугунтук жеп сыртта сүргүндө качып жүргөн адам катары көрсөтүүгө аракет кылган.

Анын менменсиген, башкаларды теңсинбегендей мамилеси, өзүнүн табигый француздук абалынын орустарга үстөмдүк кылышын көрсөткүсү келгени деле ал кезде француз тилин жана манераларды кулчулук аң-сезим менен туурай башташкан орус улутундагы ак сөөк дамаларга жага берген.

Дантес орус гвардиясына жеке император Николай Iнин уруксаты менен дайындалгандыктан (ал үчүн ал тургай атайын пенсияны да чегерип берген), ага ойнош болууну каалашкан аялдардан башы айлангандай да болгон. Ал кезде Дантес өзү нидерландиялык элчи Луис ван Геккерендин ойношу (кызтеке - гомосексуалист) экендигин ал кезде саналуу гана адамдар билишчү, себеби, ал өзүн Дантести багып алган (приемный) атасымын деп тааныштырганына көнүп калышкан эле.

Пушкиндин кайын эжесине үйлөнүү

Улуу акындын өлүмүнө алып келген кырдаал азырга чейин эле көп табышмактуу жагдайлары менен да кызыктырат. Бир гана жалпыга маалым болгону - Пушкин бекеринен эле кыжырданып, Дантести катынпоздукка шектеп, аялына жабышканына арданбаса керек.

Ушундай чырга чекит коюу максатында, анын жакын туугандары жана тааныштары (ал тургай, Государь өзү деген версия да бар) Дантестин Екатерина Гончаровага - Пушкиндин кайын эжесине үйлөнүшүн тездетишкен.

Бирок, бул үйлөнүү алардын чырын бүтүргөн эмес. Дантес мурдагысындай эле Пушкиндин кыжырына тийүүнү уланта берген. Анын үстүнө, ал акындын өзү мурда аны дуэлге чакырык таштаганын кабыл алууга даяр экендигин да билдирген.

Бул чакыруу мурда эле жасалып, бирок, уйлөнүү тойго байланыштуу акын ал чакырыгын кайра кайтарып алган болчу. Пушкин бул билдирүүгө жооп бербей койсо деле болмок, бирок, ал ачуусу келгенден улам акылын жоготкондой болгон.

Пушкиндин өлүмүн алып келген дуэлден кийин Дантес падышанын Указы менен Орусиядан чыгарылып салынган. Ал өзүнүн бардык наамдарынан жана пенсиядан ажыратылган. Аны менен кошо аялы Екатерина да кеткен. Францияда ал ага төрт бала төрөп берген да, 1843-жылы дүйнөдөн кайткан.

Даңк жана сый

Европада Дантестин Орусияда жасаган “эрдигин” көп адамдар билишчү деле эмес. Ал жакка барып калышкан Орусиялыктар гана бул тууралуу сөз кылышып, анын дуэльде атактуу акынды атып өлтүргөнүн ар кандай мааниде аңызга айлантышчу.

Ал эми жердеш француздар болсо анын чет өлкөдө жүрүп кайсыл бир орусту" атып өлтүргөнүн гана билишчү. Буга алар жактыруу менен мамиле кылгандай сезиле турган.

Ошол эле учурда, ал өз аялы дүйнөдөн кайткандан кийин Гончаровдордун тукумунан өз аялына тиешелүү мурастын үлүшүн талашууга чейин да барган. Бирок, орус бийлиги бул ирет катаал туруп, Дантеске бир нерсе бердирүүдөн баш тартып коюшкан.

Өз мекени болгон Эльзастагы Сульца шаарында Дантес таанымал болуп, урмат-сыйга да арзыган. 1843-жылы ал шаарлдын мэри болуп шайланган, ал эми 1848-жылы Учредительное собраниенин депутаты болуп шайланган.

Дегеле, ал саясий жыт-сезими абдан күчтүү болгондуктан, шамал кайда сого баштагандыгын алдын ала билип турчу. Ал өзү 1851-жылдагы төңкөрүштөн кийин император болгон жана Наполеон III болуп аталып калган Луи Бонапартка ийилип кызмат кылууга даяр экендигин билдирүүгө жетишкен.

Дантес жаңы бийлик тарабынан Почётный Легион ордени менен сыйланып, өмүр бою сенатор болуу укугун да алган.

Үчүнчү империянын кулатылышы деле Дантестин тагдырына анчалык чоң теpc тaacup тийгизген эмес. Өмүрүнүн эң соңку чейрегинде, ал Парижде бай, жыргалдуу турмушта жашап, мемуарларын жазуу менен алек болуп, ал өзү Пушкинди кантип өлтүргөнүн ырахаттана эскерчү болгон. Ал тургай, кийинчерээк ал өз өмүрүндө эгерде бул дуэль болбосо жана да Орусия аны сүргүнгө айдабаса, ал кийин мындай эң сонун саясий карьера жасай алмак эмесмин деп да моюнга алганы бар.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости