www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлекте сел 200дөй баш малды агызып, Раззаков-Катраң-Баул унаа жараксыз абалга алып келген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда 19:30 чамасында Лейлек районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.

Селдин кесепетинен Катраң айыл аймагынын Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Унаалар үчүн жол жабык. Дам–Арык тилкесинде Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолунун 1-чакырымында орнотулган селден коргоочу тосмонун 80 метр аралыгын бузуп кеткен.

Ошондой эле Баул айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп 200 баш майда малды агызып, 7 чакырым унаа жолу, 3 чакырым арык жана 4 даана электр мамычасы жараксыз абалга келген.

Катраң айылынын Эпкин, Суу-Башы тилкелеринде 1 турак үйдүн ашканасын, 2 турак үйдүн огороддорун каптап, 2 чакырым унаа жолу, 3,5 чакырым аркытар жараксыз абалга келген.

Ал эми Өзгөрүщ айылынын Айыкты тилкесинде 3 чакырым унаа жолу жана 2 чакырым арыктары кум шагылга толгон.

Мындан тышкары Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбийке айылында 5 турак үйдүн короосун, 6 чакырым арыктарды, 3 чакырым унаа жолду жана Миң-Жыгач айылында 4 турак үйдүн огороддорун, 4 чакырым арыктарды сел суулары каптаган.

Жерине райондук 1 грейдер 1 жүктөгүч тартылган.

Учурда калыбына келтирүү жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости