www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык укуктарды бузду жана ички иштерге кийлигишти деп АКШны Ирандын бийлиги айыптоодо. "АКШнын президенти жана вице-президенти өздөрүнүн көптөгөн твиттеринде Ирандын жарандарын башаламандык акцияларына тукурушту" -деп айтылат Бириккен Улуттар Уюмуна жолдонгон катта. Кеп Иранда бир жумадан ашуун убактан бери созулуп жаткан массалык нааразылыктарга Америка бийлигинин мамилеси жөнүндө болууда.
Эске салсак,Иранда бир жумадан бери уланып жаткан толкундоолордо жыйырмадан ашуун киши набыт болду.
АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттерде" нааразылыкка чыккандарды колдоорун билдирип, "мезгили келгенде АКШ аларга жардам берерин" жазган эле. Нааразылык акцияларын вице-президент Майк Пенс дагы колдогон, "Иранда өзгөрүү болуусун талап кылып чыккандар жалпы дүйнөдөгү эркиндикти сүйгөн адамдарга жакын болушу керек" деп "Америка добушу" радиосуна курган маегинде билдирген. Пенс АКШ жана башка өлкөлөр ирандыктарга радикалдык идеологияны кулатууда жардам берүүсү ыктымалдыгын айткан.
Ошол эле учурда АКШ администрациясынын өкүлдөрү Америка жана анын союздаштары Ирандагы массалык нааразылыктарга тиешеси жоктугун, митингдер иран коомчулугунун пикири экенин билдиришүүдө.
Иран бийлиги элди массалык акцияларга шыкактады деп Сауд Арабиясы менен Израилди да айыптоодо.
Вашингтон бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде кароону талап кылды. Буга Москва каршы чыккандыгы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg