www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, тажик бийлигин саясий туткун деп таанылган кеминде сегиз журналист жана активистти бошотууга чакырды.

Лоулор 2022-жылы Тажикстанда болгонун жана айрым укук коргоочулар менен жолуга алганын белгиледи. Анын айтымында, башкалардын укуктарын коргоо менен алектенгендердин көбү кысымга кабылып, коркуу менен жашап жатат.

"Юристтер, журналисттер жана башкалар адам укуктарын коргоо иштери үчүн бутага алынууда. Алар куугунтук, коркутуу, кылмыш жоопкерчилигине тартуу, жабык жана адилетсиз сот жараяндары, камоо сыяктуу административдик көйгөйлөргө дуушар болууда", - деди Мэри Лоулор.

Атайын баяндамачы тажикстандык укук коргоочулар, учурда түрмөдө жаткан Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Сохибов, Абдусаттор Котибов, Абдусаттор Пирмухаммадзода, Улфатхоним Мамадшоева, Манучехр Холикназаров, Фаромуз Иргашев жана Хушруз Жумаевди бошотууга үндөдү.

2022-жылы Тажикстанда аталган журналисттер, блогерлер жана активисттер узак мөөнөткө, айрымдары өмүр бою эркинен ажыратылган. Укук коргоочу уюмдар аларды бийликти өлкөдөгү коомдук-саясий көйгөйлөрдү чечүүгө чакырган саясий туткундар деп эсептешет.

Последние новости