www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрелден тарта ЕАЭБге жеке колдонуудагы товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдан бери биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарын колдоо үчүн интернет-дүкөндөрдөн өзү үчүн буюртма кылган товарлардын нормасы 1000 еврого чейин болуп келген. Башкача айтканда, эгер аталган суммадан ашпаса пошлина төлөнчү эмес.

Эми төмөнкүдөй учурда бажы төлөмү алынбайт:

товардын баасы 500 евродон жана/же 25 килограммдан ашпаса. Бул учактан башка транспорттор менен ташылган товарга тиешелүү.

баасы 200 евродон жана/же 31 килограммдан ашпаса. Бул почта же экспресс-жүк аркылуу алып келинген товарларга тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости