www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир кыргыз Дубайда эс алууну жана Кыргызстан дагы Бириккен Араб Эмираттарындай болуп өнүгүүсүн каалайт. Бирок өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй жүрүм турумду, мыйзамды сыйлоону, жөнөкөй эрежелерди аткаргысы келбейт. Туризмдин борборуна айланган өлкөлөр, адегенде мыйзамды сыйлаганды, конок күткөндү өздөштүрүшкөн. Биздин мамлекеттин туристтик потенциалы жакшы болгону менен, интернетте Кыргызстанга келе тургандарды чочуткан маалыматтар көп. 

Сиздерге Дубайды мисал кылып көрсөтөйүн. Бириккен Араб Эмираттарында адамга жагымсыз окуяларды, кырсык, уруш-жаңжалдарды видео-сүрөткө тартып, аны социалдык баракчаларга таратууга катуу чектөө коюлган. Муну “туристтерге терс таасирин тийгизет”-деп белгилешет. 

Мисалы, Дубайда – соцсетте негатив тараткан адамга 136 миң доллар айып салынат. Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик прокуратурасы калкка социалдык тармактарда жана мессенджерлерде негатив таратып, сөгүнгөнү үчүн катаал жазаларды, анын ичинде айып пулдарды жана эркинен ажыратууну эскертет. 

Айып пулдун көлөмү 500 миң дирхамга (136 миң доллар) чейин жетет. Эгерде мамлекеттик кызматкерди кемсинтсе, анда мындан дагы катаал жаза берилет. Бизде ар бир блогер сөгүнүп, мамлекеттик кызматкерди эмес, өлкө башчысын сөгүп отурат. Сөгүнгөндөрдү мыйзам чегинде суракка тартса, “адам укугу тепселди, сөз эркиндиги өлдү”-деп бет тырмашат. 

Бириккен Араб Эмираттарынын прокуратурасы адеп-ахлаксыз иштерди жасоого түрткү бергендерди жазалайт. Коомдук адеп-ахлакка шек келтирген сөздөрү же иш-аракеттери үчүн мыйзам бузгандар бир айга чейин эркинен ажыратылып, 100 миң дирхам ($27,3 миң) өлчөмүндө айып пул салынат. Адепсиз аракеттерге кыйкыруу, чалуу, ырдоо же моралдык негиздерге каршы келген башка сөздөр кирет.

Ал эми социалдык тармактарда адеп-ахлаксыз мазмунду жайылтканы үчүн тургундарга, керек болсо туристтерге дагы 500 миң дирхамга чейин айып пул салынат же түрмөгө камашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости