www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 117ге көбөйдү

Административдик-аймактык реформа алкагында, Ош шаардык кеңешиндеги депутаттардын саны 117ге жетти. Мурдагы шаардык кеңештин депутаттарына Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 31 депутат, Төлөйкөн айыл аймагынан 31, Нариман айыл аймагынан жети, Шарк айыл аймагынан үч депутат кошулган.

Шаардык кеңештин жаңы курамы алгачкы жолу 20-мартта кезектеги сессияга чогулду. Отурумга 91 депутат катышып, анда депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу маселе көтөрүлдү.

Ага катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлү Тынчтык Шайназаров “Азаттыкка” комментарий берип, шаардык кеңештеги жалпы депутаттардын укугу бирдей экенин айтты.

Былтыр жүргөн административдик-аймактык реформага ылайык, Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл кошулган.

Мыйзам боюнча административдик-аймактык бирдиктердин чек арасы өзгөргөндө, ал жердеги жергиликтүү кеңеш таратылышы керек. Бирок бул пилоттук долбоор катары ишке ашып жатканына байланыштуу депутаттардын ыйгарым укугу сакталып калган.

Өкмөт мындай жагдай убактылуу экенин белгилеп, жергиликтүү кеңештердин ишмердигин жана санын аныктаган мыйзам долбоору сунушталарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости