www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш пресс-брифингде Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабактагы абалдын курчушуна байланыштуу сабырдуулукка чакырды.

"Башкы катчы Тоолуу Карабак чөлкөмүндө жана анын тегерегиндеги чыңалуу тууралуу акыркы кабарларды тынчсыздануу менен байкап жатат. Биз бул кабарларды тастыктай да, текшере да албасак да, биз тараптарды сабырдуулукка жана бардык чечилбеген маселелерди диалог аркылуу чечүүгө чакырабыз", - деп жазды Гуттериштин басма сөз катчысы.

Эске салсак, ушул аптада Азербайжан менен Армения ок атышпоо келишимин бузуу менен талаштуу аймакта провокация жасады деп бири-бирин айыпташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости