www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси, "чоң муштум" Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоодон кийин эл өкулү болуп, андан соң көлдү карай аттанган.

Садыр Жапаровдун кол баласы катары кадырлуу киши болуп, губернаторлук кызматтан орун алды. Сулайманов ушул тапта мыкты кызмат кылганга аракет жасап, губернатор катары аны жергиликтүү кичи бийликтегилер кош колдоп тосуп алгандар дагы жок эмес. 

Баса, Алтыкебизди сыйлуу конок катары тосуп алган сүрөт социалдык тармакта талкууга түштү. 

Сүрөттө, кыргыздын калпак кийген мырзасы Сулаймановду Ысык-Көл облусунда сыйлуу конок катары тосуп алышкан. Тилекке каршы, Алтынбек мырзаны нан менен тосуп алган кыздардын кийген кийимдери уйгурлардын салттуу кийимине коёндой окшош. Бул көрүнүш менен жергиликтүү бийлик, жалпы кыргыз коомчулугуна түшүндүрмө берет, деген ойдобуз. 

 

Последние новости