www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Нигердеги аскерий козголоңчуларды камоого алынган президент Мохамед Базумду бошотууга чакырды. Гутерриш ошондой эле өлкөдөгү бийликтин алмашуусун Конституцияга каршы деп атады.
“Ал [Гутерриш] президент Мохамед Базумдун камалышына абдан тынчсызданып, анын коопсуздугу менен ден соолугуна кооптонууда. Ал бул айыптуу актыга тиешеси барлардын бардыгын президентти дароо жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырат”, - деп айтылат БУУнун сайтында.
Белгилей кетсек, Нигерде аскердик төңкөрүш 26-июлда болгон. Президенттик гвардиянын өкүлдөрү өлкө башчысы Базум үй-бүлөсү менен кармалып турган борбордогу президенттик сарайды тосушту. Козголоңчулар ички иштер министрин да кармап турушат. Базумдун кеңсеси өлкөнүн армиясы бир катар аскер адамдарынын мамлекетке каршы көтөрүлүшүн колдобой турганын жана аларга “ультиматум” койгонун билдирди.
Булак: NazarNews.kg