www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери  УКМК жана Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун тарапташы, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган Т.С. кармашты.

Кармалган жаран Т.С. 2017-жылы Кыргыз Республикасынан Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кеткен. Бирок ал Түркияга кайра кирген жеринен кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстандан ал Кылмыш-жаза кодексинин 226, 375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан. 

"Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар-күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет",-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кармалган жаран Ош шаарындагы абакка киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости